Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстанга 50 миң 400 жеңил унаа алып келинген.
Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Транспорт дээрлик 50 өлкөдөн ташылат. Импорт боюнча лидер – Кытай, бул өлкөдөн 32 миңден ашык унаа жеткирилген.
Андан кийин Түштүк Корея, АКШ, Германия жана Япония турат. Белгилеп кетсек, өткөн жылдын биринчи кварталында өлкөгө 19 миң 830 унаа алып келинген.