Бишкек мэриясы мыйзамсыз жүргөн мигранттарды аныктоо тапшырмасын берди

Бишкектеги төрт райондун башчыларына Кыргызстандын миграциялык мыйзамдарын бузган адамдарды аныктоо боюнча ишти күчөтүү тапшырмасы берилди.

Муниципалдык аймактык башкармалыктарга райондук кызматкерлер менен биргеликте чет өлкөлүк жарандардын жашаган жерлеринде түшүндүрүү иштерин улантуу милдети коюлду. Ал эми Бишкек шаардык Билим берүү департаментине Билим берүү министрлиги менен бирге окуудан чыгарылган, мыйзамсыз жүргөн чет элдик студенттерди аныктоо тапшырылды. Укук коргоо органдары Бишкек шаарынын мэриясына ыкчам маалымат берүүгө жана жарандарды керектүү маалыматтар менен камсыз кылууга милдеттендирилди. Мындай тапшырмалар 20-май күнү Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин жетекчилиги менен прокуратура, укук коргоо органдарынын жана шаардык кызмат башчыларынын катышуусунда өткөн Координациялык кеңештин жыйынында берилди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Анд акыркы окуяларга байланыштуу коомдук-саясий абал талкууланды.

 

Жыйынтыгында Бишкек шаардык милициясы тарабынан эл көп чогулган жайларда, өзгөчө окуу жайларда жана чет элдик студенттер жашаган жерлерде коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча иш-чараларды күчөтүү чечими кабыл алынды.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым интернет колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. Ошол видеодон кийин, 18-майга караган түнү Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, башаламандык катталган.

 

Ички иштер министрлиги (ИИМ) түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тополоңдо жабыркап, ооруканада дарыланып жаткан 11 бейтаптын абалы туруктуу экенин 20-майда кабарлады. Тополоңдо дарыгерлерге жалпы 41 адам кайрылган.

Бишкек шаардык милициясы башаламандыкка байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козгоп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул окуядан кийин пакистандык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн чартердик каттам уюштуруп, жарандарын өлкөдөн чыгара баштаган.

ИИМ элдин нааразылыгын жараткан видеодогу окуя 13-майда болгонун тактады. Министрликтин маалыматына ылайык, чет өлкөлүк студенттер менен жергиликтүүлөрдүн мушташы боюнча “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, чет өлкөлүк төрт жаран кармалды. Бул окуяга катышы бар Кыргызстандын эки жаранынын кайда экенин тактоо иштери жүрүп жатат.