Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкө аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Сузак районунун Баймаала тилкесинде жашагандарды коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлду. Атайын комиссия бул талаптын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында табигый кырсыктардын түрлөрү боюнча 1 миңден ашык кооптуу аймак бар. Аларда 1 миң 67 үй-бүлө турмуш-тиричилигин улантып келүүдө.