Жалал-Абад облусунун Сузак районунда битум өндүрүү боюнча завод ишке кирди. “Кабар” жазгандай, объект Барпы айыл аймагында жайгашат. Долбоордун сметалык наркы 5 миллион долларды түздү.
Заводдо жылына 20 миң тонна битум чыгрылат деп пландалууда. Инвесторлор кийин кубаттуулукту жогорулатып, кошумча жабдууларды ишке киргизүү ниетинде.