Бишкекте жолдорду оңдоо иштери уланууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, буга байланыштуу Ахунбаев көчөсүнүн Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки тилкеси жана Байтик Баатыр көчөсүнүн Токомбаев – Сүйөркулов бөлүгү транспорт кыймылына чектелүү. Жолдор этабы менен тосулуп жатат.
Азырынча аталган көчөлөр түштүк тарапка жабык болсо, андан кийин түндүк тарапты көздөй жабылат. Айдоочуларга каттамдарды эртелеп пландап алуу сунушталат.