1-июндан тарта «Учкунда» басылган паспорттор бериле баштайт

1-июндан тарта Кыргызстандын жарандарына «Учкун» мамлекеттик концернинде даярдалган паспорттор бериле баштайт. Бул тууралуу 28-майда Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында санарип өнүктүрүү министринин орун басары Замирбек Кожомуратов билдирди.

Анын сөзүнө караганда, «Учкунда» басылган паспорттордун алгачкы партиясы алынды.

«1-июндан тартып бул паспортторду жарандарга бере баштайбыз. Сапаты мурдагыга караганда кыйла жакшырды», — деген Кожомуратов жаңы ички жана жалпы жарандык паспортторду комитет мүчөлөрүнө көрсөттү.

Жарандардын улуттук паспорттору Кыргызстанда басылары былтыр сентябрда маалым болгон. Ал үчүн “Учкун” мамлекеттик басмаканасына заманбап жабдуулар сатып алынган.

Расмий маалыматтарда, Кыргызстан буга чейин жыл сайын чет өлкөдөн орточо 1,5 миллионго чейин ID-карт жана жалпы жарандык паспортторду буюртма кылган.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп.

Henley & Partners уюму жарыялаган дүйнөлүк паспорт индексинде Кыргызстан 77-орунду ээледи. Былтыр 76-катарда эле.

2024-жылга карата 10-январда жарыяланган рейтингде кыргызстандыктар 65 мамлекетке визасыз бара алары белгиленген.