2-июнда балдарды биринчи класска электрондук каттоонун биринчи этабы жыйынтыкталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги эскертет. Бүгүнкү күнгө карата 69 миң 900дөн ашык бала кабыл алынды.
Эң көбү Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарында, эң аз Талас менен Нарын облустарында. Бишкектин №26, 70, 29, 20, 13, 17-мектеп-гимназияларында орун калган жок.
Эске салсак, биринчи этаптын алкагында балдар жашаган жери боюнча, экинчи этапта бош орун калган мектептерге кабыл алынат.