Кыргызстанда жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 769 сомду түздү

Биринчи кварталдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда жашоо минимумунун орточо баасы 7 миң 769 сомду түздү. Улуттук статистика комитети билдиргендей, бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 267 сомго көп.

 

Мында эмгекке жарамдуу калктын жашоо минимуму 8 миң 670 сомду, пенсионерлердики 6 миң 887 сомду, балдардыкы 6 миң 632 сомду түздү.

 

Отчеттук мезгилде эң зарыл товарлардын азык-түлүк себетинин наркы 5 миң 50 сом болду.