Бишкекте эки жаңы көпүрө куруу пландалууда

Бишкекте эки жаңы көпүрө куруу пландалууда. Мамлекеттик сатып алуулар порталында маалымдалгандай, тендерди мэриянын транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгы жарыялаган.

 

Сметалык баасы  151 миллион 850 миң сом. Көпүрөлөрдүн бири Шүкүров көчөсүндө Чоң Чүй каналы аркылуу курулса, экинчиси Жибек Жолу проспектиси боюнча Аламүдүн суусуна курулат. Курулушту аяктоо ноябрь айына белгиленди.