Сокулук районундагы Новопавловка айылында мектептин жаңы корпусунун курулушу аяктап калды.
Мамлекеттик курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба агенттигинен билдиришкендей, объектте курулуш иштери мамлекеттин эсебинен 2019-жылы башталган.
Учурда кабинеттерди даярдоо, эмерек жана техникаларды орнотуу жүрүүдө. Ошондой эле имараттын айланасына асфальт төшөлүп жатат. Жаңы корпус жакынкы арада колдонууга берилет.