Кыргызстанда курулушу токтоп турган мектептердин 80%ы бүткөрүлдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал белгилегендей, соңку үч жылда 214 жаңы мектеп салынды.
Эске салсак, буга чейин өкмөт 2024-жылы өлкөдө 212 мектеп, 50 бала бакча ачыла турганын кабарлаган.