Жогорку Кеңеш өлкөдө уран казууга салынган тыюуну алып салуу мыйзамын биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш өлкөдө уран казууга салынган тыюуну алып салуу мыйзамын биринчи окууда жактырды. Чектөөлөрдү алууну министрлер кабинети демилгелеген.

 

Андан билдиришкендей, жаңы уран кендерин иштетүү республика бюджетине кошумча кирешени алып келет. Эске салсак, 2019-жылдын аягында Кыргызстанда радиоактивдүү уран жана торий металлдарын казуу жана геологиялык иликтөөгө тыюу салынган.

 

Ага чейин Кызыл-Омпол ири уран кенин иштетүүгө каршылык акциялары өткөн.