Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт

Бишкектин Лев Толстой көчөсүндө оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буга байланыштуу 10-июнга чейин аталган жол жарым жартылай жабык болот.

 

Бул көчөдө 18 миң чарчы метр аянтта эски асфальтты сыйруу жана демонтаж иштери башталат, андан кийин асфальтка чейинки жумуштар жана люктарды тегиздеп орнотуу иштери жүргүзүлөт.

 

Акыркы этапта асфальт-бетон аралашмасы төшөлөт. Лев Толстой көчөсүндө акыркы жолу 2019-жылы капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн.