Кочкор-Атада шаардык сквер калыбына келтирилет. Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, тендерди мэрия жарыялады. Долбоордун сметалык баасы 16,5 миллион сом.
Иштердин алкагында сквердеги фонтан оңдолуп, отургучтар жана көчө жарыгы орнотулат.