Чүй облусундагы Сокулук – Белогорка унаа жолунда асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, унаа жолдун 8,2 -11,2 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөлдү. Азыркы учурда жол жээгин бекемдөө иштери жүрүүдө.