Карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат

Карызы бар абоненттерге газ берүү токтотулат. Бул тууралуу “Бишкекгаз”, “Чүйгаз”, “Ошгаз” жана “Жалалабадгаз” ишканалары эскертет.

 

Көгүлтүр отту берүү керектөөчү карызын толугу менен төлөп, андан кийин кеңсеге келип арыз жазгандан кийин гана жанданат.

 

Газ берүүнүн коопсуз талаптарына ылайык, көгүлтүр от  3 жумуш күндөн кийин берилет. Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн жарандарга төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү сунушталат.