Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү

Улуттук банк кезектеги интервенциясын өткөрдү. Эл аралык валюта рыногунан дээрлик 17 миллион доллар сатып алынды. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтында жарыяланды.

 

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери бул сегизинчи интервенция. Андан бери Улуттук банк 161 миллион доллар сатып алган.