Кадамжай районунда жаңы ирригациялык каналдын курулушу аяктады. Эми Исхак-Полотхан айыл аймагына караштуу Жошук, Таш-Дөбө, Чекелик жана Көк-Таш айылдары сугат суусу менен камсыздалды.
Белгилеп кетсек, каналдын курулушуна республикалык бюджеттен 183 миллион сом бөлүнгөн. Иштердин жүрүшүндө 4,5 чакырым түтүк орнотулуп, жыйынтыгында 900 гектар жер өздөштүрүлөт.