Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат.
Кыргызстанда заманбап технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактылары көбөйүүдө, — дешти өлкөнүн башкы каржы мекемесинен.
Жарандарга жеке маалыматтарды, картанын номерин, ПИН-кодун, SMS-билдирүү коддорун үчүнчү жактарга бербөө сунушталат. Улуттук банк эч качан жеке жана жашыруун маалыматтарды телефон аркылуу сурабай тургандыгын эскертет.