Парламент Жылдыз Полотованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматына талапкерлигин жактырды. Ал төрт жылдан бери аталган министрликте орун басар болуп иштеп келаткан.
Эске салсак, президент Садыр Жапаровдун 7-июндагы жарлыгы менен Гүлнара Баатырова башка ишке өткөнүнө байланыштуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган.