Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу жогору. Өзгөчө кырдаардар министрлиги шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 18-19-июнда туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.
Табигый кырсыктын алдын алуу үчүн арыктарды тазалоо сунушталат.