Өлкөдө 1 миң бала Ысык-Көл жээгинде эс алууга жөнөтүлөт. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, алар аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары жана жетим балдар.
Биринчи агым менен Баткен, Талас, Ош облусунан бөбөктөр Ысык-Көлгө кечээ жөнөп кетти, алар “Алтын Балалык” ден-соолукту чыңдоо борборунда эс алышат.