Кыргызстан ушул жылдын январь-апрель айларында 212 млн доллардан ашык акчага 3 миң 100 килограммдан көп алтын экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында айтылат.
Белгиленгендей, өткөн жылдын ушул мезгилинде Кыргызстандан 1 миң 400 килограммдан ашык алтын экспорттолгон.
Бул аралыкта алтын Гонконг, Швейцария, Улуу Британия жана Бириккен Араб Эмираттарына сатылган.