Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аба майданынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, казакстандык авиакомпания июлдан тарта Астана-Бишкек-Астана багыты боюнча түз аба каттамын аткарат.
Бишкектен Астанага учуу убактысы 1 саат 45 мүнөттү түзөт. Каттам жумасына эки жолу — шейшемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.