Түп районунун Талды-Суу айылында 220 орундуу маданият үйүнүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, объектти ушул жылы пайдаланууга берүү пландалууда.
Белгиленгендей, курулуш иштери республикалык бюджеттен 2019-жылы башталган.