Салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупцияга шектелип кармалды

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

 

Атайын кызмат тарабынан коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Дүйнөлүк банктын “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорунун алкагында сатып алуулардагы коррупциялык фактылар боюнча Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Д.А.С кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

 

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, “Салыктык башкарууну жана статистикалык системаны модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө КР Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын кызмат адамдары жана башка кызыктар жактар тарабынан 4 миллион 878 миң 894 АКШ доллары суммасында товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуулар жүргүзүлүп, анда компьютердик техниканын, тармактык жабдуулардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым позицияларынын наркы жүздөгөн эсеге жогорулаган.

 

Маселен, 421 АКШ долларына (37 миң сомго) туташтыргычтары бар кадимки электр узарткыч (удлинитель) сатылып алынган. Баасы 20 сомдон ашпаган туташтыргыч (коннектор) 11 долларга (960 сом) сатылып алынган. Ошондой эле 207 АКШ долларына (18 миң сомго) болжол менен 3500 сомдук кеңсе отургучу алынган. Муну менен Финансы министрлигинин Ички аудит кызматы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мамлекетке 1 млн 267 миң 668 АКШ доллары (110 млн сомдон ашык) өлчөмүндө ашыкча баалоо түрүндөгү зыян аныкталган.

 

Учурда УКМК тарабынан аталган коррупциялык схемага тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана кызыктар тараптарды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.