Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө үч окуучу эң жогорку упай алды

Быйыл жалпы республикалык тестирлөөдө 56 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

 

Эң жогорку — 234 упайды Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян Университетине караштуу орто мектептин бүтүрүүчүсү Аминат Гордаева, Бишкектеги №29 гимназиянын мурдагы бүтүрүүчүсү Максат Оморов жана таластык окуучу Элнура Эркинбекова алды.