Баткендеги «Алга кадам» ирригациялык долбооруна дагы 150 млн сом бөлүндү

Баткендеги «Алга кадам» ирригациялык долбооруна дагы 150 млн сом бөлүндү. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, каражат мамлекет тарабынан ажыратылган.

 

Эске салсак, учурда элдин демилгеси менен Ак-Суу дарыясындагы суудан Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан Кара-Жантак участкасындагы 4 миң 200 гектар жерди өздөштүрүү үчүн сугат суу менен камсыздоо боюнча жаңы канал куруу долбоору ишке ашырылууда. Магистралдык каналдын жалпы узундугу 29,805 км, анын ичинде 3 тоннель бар, тоннелдин жалпы узундугу 6 миң 535 метр. Долбоордун алкагында 25 гектар өнөр жай зонасы жана кубаттуулугу 15 млн м3 жана 3 млн м3 болгон эки суу сактагыч болот.

 

Долбоорго ылайык, жалпы суу пайдалануучулардын саны 7 миң 600 кожолукту түзөт.

 

Объекттин болжолдуу баасы 3 млрд сом. Бүгүнкү күндө 720 млн сомдук жумуштар аткарылды. Анын 400 млн сому президенттин фондунан жана республикалык бюджеттен каржыланды. Элдин салымы 107,0 млн сомду түздү.