Кыргызстанда эртеңден тарта уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат

Кыргызстанда эртеңден тарта уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталат. Юстиция министрлигинин маалыматында мындай чара рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканы кабарланган.

 

25-июндан тартып смартфондор Мамлекеттик идентификация системасында катталышы керек.

 

Катталбаган телефондор өлкөнүн бир да уюлдук операторунун байланыш кызматынан пайдалана албайт. Ал эми учурда жарандар колдонуп жүргөн телефондор системага акысыз түрдө катталат. Чет өлкөдөн сатылып алынган смартфон ээлери www.imei.kg. сайтында катташы керек.