“Бишкек жылуулук тармагы” ишканасы Курманжан Датка көчөсүндө жылуулук тармагын оңдоо иштерин баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Чүй, Огонбаев, Фрунзе, Салиева көчөлөрүн бириктирген бөлүгүндө жүрүүдө.
Ремонттук иштерге б айланыштуу транспорт кыймылына чектөөлөр киргизилет. Жумуштар күзгү-кышкы сезонго даярдыктын алкагында жүрүүдө.