Жалал-Абад облусунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды

Жалал-Абад облусунда 375 орундуу жаңы мектептин курулушу башталды. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, объект Сузак районундагы Багыш айылында жайгашат.

 

Эки кабаттуу имарат заманбап болот. Анын жалпы аянты 1 миң 730 чарчы метрден ашат.