Микрокредиттерди көбүнчө Бишкек шаарынын жана Ош облусунун тургундары алышат

Кыргызстанда микрокредиттерди көбүнчө Бишкек шаарынын жана Ош облусунун тургундары алышат. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы тастыктайт.

 

Жалпысынан биринчи кварталда Кыргызстандын жарандары 13,5 миллиард сом микрокредит алышкан. Насыя негизинен керектөө жана айыл чарбасына жумшалары белгиленген.