Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюуга 700дөн ашык адам тартылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Эске салсак, кечээ катуу жамгырдан улам Баткенде сел жүргөн.
Натыйжада 1 миңдей тургун коопсуз жайга эвакуацияланган. Суу 50гө чукул турак жайды, социалдык объект, инфраструктураларды каптап зыянга учураткан. Жеринде тазалоо иштери уланууда.