«Салык Сервис» мекемесине жаңы директор дайындалды

Шамшыбек Качкынбай уулу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

 

Буга чейин Шамшыбек Качкынбай уулу «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары болуп иштеген.

 

Ал эми «Салык Сервис» мамлекеттик мекемесинин мурдагы директору Нургүл Салиева Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.