Бишкектин Красный строитель конушунда суу болбойт

Эртең Бишкектин Красный строитель конушунда таза суу берүү убактылуу токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу конуштун аймагында саат 10:00дөн 18:00гө чейин болбойт. Мунун себеби оңдоо иштерине байланыштуу. Мекеме-уюмдар, ишканалар, мектептер жана мектепке чейинки мекемелер, ошондой эле калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.