Айтматов районунда курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат

Айтматов районунун Көк-Сай айылында курулушу жети жыл мурун башталган бала бакча ачылат. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүүчү мекеме 140 орунга чакталган. Курулуш иштери республикалык казынадан каржыланган объект жакында пайдаланууга берилет.