Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында орточо айлык 34 миң 710 сомду түздү.
Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева билдиргендей, 2023-жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу өсүү 11 пайызды түзгөн.
Эмгек акынын жогорулашы дүң жана чекене соода, кыймылсыз мүлк менен операциялар, курулуш, тоо-кен казып алуу, ошондой эле транспорт жана жүктөрдү сактоо, камсыздандыруу тармактарында катталды.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.