Бишкекте жогорку чыңалуудагы “Орто-Сай” подстанциясы курулууда.
Бул тууралуу ордо калаанын электр тармактары ишканасынан билдиришти. Көмөк чордон шаардын түштүк-чыгыш тарабында жашаган абоненттерди сапаттуу электр энергиясы менен камсыздайт.
Ошондой эле ал электр камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатат.