Зардалы, Коргон-Катран-Баул унаа жолдорунда сел жүрүп, учурда жол жабык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, жерине аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар тартылды.
Ошондой эле, Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 313-330-чакырымдар аралыгы жана жолдун Баткен-Боз-Адыр тилкесинде каттам убактылуу токтоду.