Европа чемпионатынын финалын франциялык калыс Франсуа Летексье тейлейт. Бул анын азыркы турнирдеги төртүнчү беттеши болот.
Эске салсак, Германияда өтүп жаткан континенталдык чемпионаттын чечүүчү оюну 15-июлга караган түнү, Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де башталат. Чемпион наамы жана башкы кубок үчүн Испания – Англия курамалары күч сынашат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.