Бүгүн, 15-июлда саат 11:30 чамасында Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан аял кишинин сөөгү табылды.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Учурда дарыядан табылган жарандын өздүгүн тактоо иши жүрүүдө.
Буга чейин сел агызып кеткен 7 жашар кыздын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылган. Министрлик дагы төрт жаранды издеп жаткан.
Бүгүн издөө-куткаруу иши 4 топко бөлүнүү менен башталды. Алсак Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Мөл-Булак эс алуу жайында, Ак-Буура каналынын түштүк-чыгыш тарабы (студенттер шаарчасы) , Ак-Буура каналынын жээгиндеги Токтогул сейил багы, Ош шаарынын борбордук базар тарабында уланууда.
Издөө ишине жалпы 350 адам тартылды. Анын 170и ӨКМдин куткаруучулары. Арасында 2 кинолог, суучул-куткаруучулар. Ал эми жарандык коргонуу кызматтарынан 180 адам көмөктөшүүдө.