Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы мектептин курулушу уланууда.
Архитектура, курулуш жана коммуналдык турак-жай мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, Чолок-Кайың айылында жайгашкан окуу имараты 275 окуучуга чакталат.
Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Ведомстводон белгилешкендей, буга чейинки мектептин имараты 40 мурда салынып, анда оңдоо иштери жүргүзүлбөгөндүктөн, авариялык абалга келген.