Жумгал районунун Таш-Дөбө айылында 225 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, республикалык бюджеттен каржыланган билим берүү мекемесинин курулушу 2016-жылдан жүрүп жатат. Иштер 60 пайызга аяктап калды.
Белгилеп кетсек, буга чейинки мектептин имараты авариялык абалга келген.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.