Нарын облусунун Жумгал районунда жаңы мектеп пайда болот.
Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, объект 225 окуучуга чакталып, Таш-Дөбө айылында жайгашат.
Курулушка каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Эски мектептин имараты 40 жыл мурда салынгандыктан, учурда авариялык абалга келген.