21-кылымдын мыкты спортчулары аталды.
Биринчи орунда америкалык суучул, олимпиада оюндарынын 23 жолку чемпиону Майкл Фелпс турат. Экинчиде америкалык теннисчи Серена Уильямс жайгашат.
Анын жеке эсебинде 4 олимпиадалык алтын жана “Чоң Шлем” турниринде 23 жеңиш бар. Үчилтикти футбол боюнча дүйнө чемпиону жана Чемпиондор лигасынын 4 жолку жеңүүчүсү Лионель Месси бекитет. Белгилеп кетсек, тизмени түзүүгө 70 миң адам катышкан.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.