Селден жабыркаган кыргызстандыктар насыясын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот

Селден жабыркаган кыргызстандыктар насыясын жеңилдетүү үчүн банктарга кайрылса болот.

 

Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, кредитти төлөө шарттарын ыңгайлаштыруу үчүн каржы мекемесине арыз жазуу керек.

 

Андан тышкары, кардар өзгөчө кырдаал же өзгөчө абалдан улам насыясын   90 күндөн ашык төлөй албай калса, бул маалымат ал жарандын кредиттик тарыхына терс көрүнүш катары киргизилбей турганы айтылды. Эске салсак, 14-июлда Ош шаары жана Ош облусунда Ак-Буурадан суу ташып, сел каптап 1 миңден ашык турак жай, социалдык инфраструктура, базар жабыркаган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.