Улуттук илимдер академиясында капиталдык ремонт иштери жүрүүдө

Улуттук илимдер академиясынын имаратында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди. Анын айтымында, илимий мекеме курулгандан бери бир да жолу ремонттолгон эмес.

 

“Учурда объекттин жарымынан көбүндө инженердик-коммуникациялык иштер ишке ашып, эшиктер, терезелер, паркеттер алмаштырылып, ички бөлмөлөр жана чатыр оңдолуп жатат”, — деди ал.

 

Ошондой эле Каныбек Туманбаев Улуттук илимдер академиясынын имаратынын капиталдык оңдоп-түзөө иштери 2023-жылы башталганын, азыр анын биринчи этабы аяктап жатканын белгиледи.

 

«Имаратта суу түтүгү, канализация, жылытуу системасы, чатыр, фасад оңдолуп, терезелер калыбына келтирилди. Лифттер алмаштырылып, заманбап өрт өчүрүү жана муздатуу системалары орнотулууда”, — деди Туманбаев.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.