Кыргызстанда жумушсуздук азаюуда

Кыргызстанда жумушсуздук азаюуда. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдиргендей, ишке орноштуруу кызматтарында катталган жумушсуздардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 17 миң 620 адамга азайды.

 

Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча 81 миңден ашык жумушсуз жаран министрликте каттоодо турат. Жыл башынан бери 6 миңден көп адам ишке орношуп, акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 6 миңге жакын адам жөнөтүлгөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.