Олимпиада: Бекзат Алмаз уулу алгачкы атаандашын жеңди

57kg FS — Bekzat Almaz Uulu (KGZ)

Париждеги Олимиада оюндарында 8-августта эркин күрөш боюнча Кыргызстандык улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу алгачкы атаандашын утту.

 

Балбан 57 кг чейинки салмак категориясында 1/8 финалдык беттеште казакстандык Мейрамбек Картбайды 4:1 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты.

Анын кийинки атаандашы белгилүү боло элек.

Бүгүн грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Амантур Исмаилов көңүл жубатуучу беттеште коло үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.