Бишкекте Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды тосуп алуу аземи өтөт.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Салтанаттуу иш-чара бүгүн саат 9.30да Эски аянтта, өкмөт үйүнүн астында уюштурулат.
Бардык күйөрмандар келип катышып кетсе болот. Белгилеп кетсек, Парижде өткөн жайкы олимп оюндарында кыргызстандык спортчулар 2 күмүш жана 4 коло медаль ээлешти.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.